• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстинде мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу мусулмандар!

Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!

Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын!

Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин!»

Пикир

Оставить комментарий