• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн аймактарды өнүктүрүп, өлкөнү көтөрөбүз

Президент 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу үч сааттан ашуун созулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, Мамлекет башчысы жалалабаддыктар кыдыр жылоологон, берекеси төгүлгөн, тарыхый мурастары арбын касиеттүү аймакта жашаарын белгиледи. Бул аймакта атагы ааламга белгилүү Арстанбаптын жаңгак токойлору кѳргѳн кѳздү суктандырат.

Мындан тышкары Президент бул аймак – энергетиканын өнөр-жайдын, энергетиканын чордону экенин белгилеп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатка кыскача токтолуп, Россия Федерациясына, Белоруссияга, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

“Сентябрдын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзаны расмий визит менен күтүп жатабыз. Эрдоган коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат деп болжолдонууда”,- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө региондорду өнүктүрүүгө басым жасап, кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын экспорттоо, фермерлерди жеткиликтүү кредиттер менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналаарын белгиледи.

Атап айтканда Сооронбай Жээнбеков аймактарда сүттү, этти жана терини кайра иштетүүчү ишканалар курулаарын баса белгиледи.

“Биз кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мына ушул бардык пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин түпкү максатыбыз ички жана тышкы миграцияны кыскартуу, калкты жумушчу орундар менен камсыз кылуу”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында калктуу пункттарда суу обьектилери курулуп, ремонттолуп, пайдаланууга берилет. Ал эми жакынкы 5 жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот деп белгиледи.

Ошону менен бирге ирригацияны өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу актуалдуу милдеттерден болуп саналат.

“Таза коом” программасы тууралуу кеп кылып келип, Сооронбай Жээнбеков бул программа – кооз сөздөн, бийик ураандан эмес, конкреттүү иштен турушу керек экендигине токтолду.

“Таза коом” эң оболу – таза суудан башталат. Дени сак, деми сак улут гана, таза коомду түзө алат”, -деди Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук чөйрөнү өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, адамдардын турмушун жакшыртуу маселелерине дагы токтолду.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарын реформалоонун, сот реформасынын, коррупцияга каршы күрөштүн, парламенттик демократияны чыңдоонун алкагында көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнөн кийин жергиликтүү жашоочулар Сооронбай Жээнбековго жана мамлекеттик органдардын башчыларына суроо беришти.

Жалалабаддыктар Президенттин коррупция менен болгон күрөшүн, региондорду өнүктүрүү жана тышкы саясатта жүргүзгөн иштерин колдоого алаарын белгилеп, кадр маселесиндеги кемчиликтерге көңүл бурушту.

Айрым тургундар укук бузуулар фактылары боюнча конкреттүү аткаминерлердин аттарын атап, Президентке ачык айкын кайрылышты.

Жалпысынан калктын суроолору жолдорду куруу, инфраструктураны жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу, чек ара маселелери, күйүүчү майдын жетишсиздиги жана жер семирткичтердин баасынын көтөрүлүшү жөнүндө болду.

Суроолорго Мамлекет башчысы жана тийиштүү министрликтердин менен ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков кат жүзүндөгү бардык суроолорго дагы жооп берилет деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий