• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушуу өткөрүүдө - эмнелер талкууланат?

Президент 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет жердеги элчилери менен жолугушуу өткөрүүдө.

Кеңешмени ачып жатып, президент талкуулана турган темаларды айтып өттү.

"Тышкы саясаттын негизги багыттары мамлекеттин ички кызыкчылыктары менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилерин чогултуп, бетме-бет сүйлөшүүнү чечтик", - деди мамлекет башчы.

Ал белгилегендей, өлкөдө аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияны жоюу, шайлоо системасын жана соттук-укуктук тармакты жакшыртуу иштери жасалып жатат. Мындан улам, бүгүнкү кеңешменин максаты, өткөн жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу жана талдоо, болочок жылдарга тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын белгилөө болот.

Пикир

Оставить комментарий