• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Президент 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2019-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланганын белгиледи. Ал, бул кеңешке шайлангандан кийин айкөл Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Президент ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы чоң жеңиш экенин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий