• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү маанилүү жагдайларга токтолду

Президент 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билдиргендей, акыркы жылдарда өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык жашоосунда маанилүү өзгөрүүлөр болду – саясий туруктуулук орноду.

“Социалдык-экономикалык жаатта ири долбоорлор ишке ашууда. Калкты электр энергия менен камсыз кылуу жакшырды. Эл аралык маанидеги жолдордун курулушу уланууда”, - деп баштады өз сөзүн Жээнбеков.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, экономикалык жөндөмдүүлүктүү жогорулатуу жана ири базарга чыгуу үчүн Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке мүчө болду.

“Интеграциянын талаптарына жооп бере турган инфраструктуралык долбоорлордун курулушу жүрүүдө. Экспорттук жөндөмдүүлүк өсүүдө”, - деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий