• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат

Президент 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. «Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Швейцариянын Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда парламенттер аралык жетишерлик активдүү диалог бар экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Кыргызстан Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен алакалардын өнүгүшүнө чоң маани берет. 2014-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген «Демократия боюнча өнөктөш» статусу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен кызматташууну өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларды берди.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы пикирлердин ар түрдүүлүгүнө, демократияга, мыйзамдын үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоого негизденген европалык баалуулуктарды толук колдойт.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Президент аймактардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ийгиликтүү өнүгүүсү өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналарын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын облустары менен Швейцариянын кантондору ортосунда бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүүдө мындан ары кызматташууга даяр экенин билдирди.

Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио Мамлекет башчысы менен өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты илгерилетүү маселелерин талкуулоо үчүн жеке мүмкүнчүлүккө кубанычта экенин белгиледи.

Ал демократиялык институттарды мындан ары өнүктүрүү ишинде бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өзгөчө маанисин баса белгиледи.

«Кыргызстандагы, тагыраак айтканда, адам укуктарын коргоо, пикирлердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупция менен күрөшүү маселелериндеги позитивдүү тенденцияларды канааттануу менен белгилегим келет», — деп белгиледи Марина Кароббио.

Тараптар Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында активдүү парламенттер аралык диалогду улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий