• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстандын сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ

Президент 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү «Жайыл Милк» заводунун иши менен таанышты.

Ишкана 2000-жылдан бери иштебей турган. Жергиликтүү фермерлер сүттү кайра иштетүү үчүн ортомчулар аркылуу коңшу турган Москва жана Панфилов райондоруна тапшырууга аргасыз болушкан.

Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев кийин жеке инвестор болгон сүттү кайра иштетүүчү «Кант Сүт» заводу «Жайыл Милк» ишканасын сатып алып, аны калыбына келтирүү үчүн фонддон бөлүнгөн 1 миллион АКШ долларына жакын каражатты жумшаганын билдирди.

Кыска мөөнөттө ишкана реконструкцияланып, 2019-жылдын апрелинен баштап күнүнө 20 тоннага чейин сүт кабыл алып, завод акырындык менен ишке киришкен.

Бүгүнкү күндө заводдо күнүнө 40 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берген жаңы шаймандар орнотулуп, каймак май, кургатылган жана коюлтулган сүт өндүрүлө баштады. Жергиликтүү тургундар үчүн 50 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Азиз Аалиев баса белгилегендей, «Жайыл Милк» коронавирус инфекциясы пандемиясы чыккандан тартып экономикалык активдүүлүк солгундагандан бери өлкөдө ишке киргизилген биринчи ири завод болуп саналат.

Компаниянын өнүмдөрү Казакстан, Россия, Тажикстандын рыногуна экспорттолот, Кытайдын рыногуна чыгуу боюнча пландар бар.

Заводдун директору Тилек Турусбаев учурда жеңилдетилген насыя каражаттары жеткиликтүү болуп, ишкананын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экендигин белгиледи. «Ар кайсы шылтоону коюп, талыкпастан эмгектенүү гана керек. Биздин өнүмдөр импорттук товарлардын ордун ээлей алат. Сапаты жагынан ал өлкөгө ташылып келинген сүт азыктарынан кем эмес», — деп айтты ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын сүттү кайра иштетүүчү тармагы экологиялык таза өнүмдөрү менен тышкы рыноктордо атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин баса белгиледи.

Ички миграцияны азайтуу үчүн аймактарда ушул сыяктуу кайра иштетүүчү ири ишканаларды ачуу зарылдыгын белгиледи.

Өлкөнүн каржы институттары аймактарды өнүктүрүү алкагында аймактарда узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды жана ишкерлерге лизингдин негизинде техникаларды берүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков аталган каржы булактарын активдүү пайдаланууга чакырып, бул максаттарга бөлүнүп жаткан каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйтүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле мурдагы жылдары фермерлерге өндүргөн продукцияларын сатып өткөрүү татаал болгондугун эске салды.

«Биз экспортко багытталган ишканаларды колдоо боюнча иштерди жаңыдан баштаганда, мен 2016-жылы өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда бардык аймактарды кыдырып чыккам. Ошондо ишканалардын кампаларында продукциялар туруп калганын, аларды сатып-өткөрүүдө кыйынчылыктар болгонун өз көзүм менен көргөм. Биз ата мекендик өнүмдү ЕАЭБдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирүүгө чектөөлөрдү алып салуу боюнча бир катар иштерди жүргүздүк. Азыр, биз көрүп тургандай, сүт ишканаларынын өнүмдөрү тышкы рыноктордо да жакшы сатылууда. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн биз каржы институттарынын каражаттарынын чоң үлүшүн жер-жерлерге бурдук», — деп канааттануу менен жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн каржы институттарынын жеңилдетилген каражаттарынын 70 пайыздан ашууну аймактардагы элет ишкерлерине бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий