• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды үйрөнүшү керек

Президент 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. «Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуу учурунда, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүүдө, булар жөнүндө да пикир алмашсак, деп баса белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, мамлекетибиздин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр. Өлкөбүздүн өткөнү жана келечеги үчүн элибиздин алдында баарыбыз чогуу жоопкербиз.

«Сиздер жакшы билесиздер, саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу м енен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярмын. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алысмын. Сындан да качпайм, деп белгиледи.

Андан кийин экс-спикерлер жана экс-премьер-министрлер сөз сүйлөп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий