• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстандын төрагалыгы алкагында ЖККУнун эл аралык аброюн көтөрүү боюнча активдүү иш жүргүзүлдү

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алкагында ЖККУнун эл аралык аброюн көтөрүү боюнча активдүү иш жүргүзүлдү», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылганын, аскерий, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи.

«Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россия Федерациясында алгачкы ирет "Эшелон" атайын машыгуулары өткөрүлдү. Тажикстанда "Бузулбас боордоштук" жана Россияда "Өз ара иш-аракет" биргелешкен машыгуулары өткөрүлдү. Натыйжада, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетиштик жана алардын күжүрмөн даярдыгы жогорулады», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти.

Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын жалпы Евразия регионунун коопсуздугун камсыздоо боюнча өзгөчө аракетин белгиледи.

«Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн "Борбор-2019" стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Эң заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Россия куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбой эле койсок болот. Кыргызстан Владимир Владимировичтин ЖККУ мейкиндигинде коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоодогу салымын жогору баалайт», — деди ал.

Ал ошондой эле ЖККУнун коргонуу дараметин жогорулатуу жана аскерий кызматташууну өркүндөтүү боюнча да активдүү иш жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселеси да дайыма көңүл борборунда болду. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Эдельвейс" полигонунда "Гром" тактикалык-атайын машыгуулары өткөрүлдү. Ошону менен бирге башка эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтык да кеңейтилүүдө. Ушул жылдын июль айында БУУнун Башкы Ассамблеясында "БУУ менен ЖККУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө" резолюция кабыл алынган. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын террорчулук жана экстремисттик максаттарда пайдаланылышын аныктоо, аны алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселелери боюнча ыкчам өз ара иштешүү уланууда. Уюмубуздун алкагында жалпы антитеррорчулук мейкиндикти калыптандыруу боюнча милдеттер аткарылууда. Жалпысынан алганда, Уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашты», — деди Жээнбеков.

Ошол эле учурда ал дүйнөдө коопсуздукту камсыздоого байланышкан жагдай чыңалган боюнча калып жатканын кошумчалады.

«Орто жана чакан аралыкка колдонулуучу ракеталарды жоюу жөнүндө келишимдин токтотулушу жана Стратегиялык жарыша куралданууну андан ары кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар жөнүндө келишимдин келечеги бүдөмүк болушу куралданууга көзөмөл кылуунун колдонуудагы механизмдерине белгисиздикти алып келүүдө. Бул жаңы эл аралык чыңалуунун жаралышын шарттап коюшу ыктымал. Кыргызстан Россиянын региондогу жана жалпы эле дүйнөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерин колдоого алат», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Владимировичти ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалыкты кабыл алышы менен куттуктап, ага албан ийгиликтерди каалады жана Россиянын Уюмга төрагалык кыла турган мезгили Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен дал келиши да абдан символикалуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Албетте, 9-май — жалпы Жеңишибиздин күнү. Совет эли бүткүл дүйнөгө биримдиктин, массалык каармандыктын, Ата-Журтуна берилгендиктин уникалдуу мисалын көрсөтүп берди. Биз жалпы тарыхыбызды унутпай, аны кайрадан жазып чыгууга болгон аракеттерге биргелешип каршы турушубуз керек. Кыргызстан Улуу Жеңиш майрамына өзгөчө маани берет. Биз жалпы Мекенибиздин эркиндигин сактап калгандарды терең ыраазычылык менен эскеребиз, Улуу Жеңиштин урматына ири иш-чараларды өткөрөбүз», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусу Уюмдун 2020-жылдагы өнүгүшүнө жаңы шык-дем берерине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий