• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 28.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Жолугушуу учурунда Мамлекет башчысына Улуттук банк тарабынан аткарылып жаткан жумуштар, улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө, банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун камсыздоо жана инфляциянын деңгээлин ооздуктоо аракеттери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кубанычбек Кулматов Президентке Улуттук банк накталай эмес эсептөөгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча үчүнчү баскычка өтүп жатканын билдирди. “Бардык банк инфраструктурасы - терминалдар, банкоматтар аймактарга жайгаштырылат”, - деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дээрлик баардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар айлык маянаны банк карталарына которуу системасына өтүштү. Буга байланыштуу аймактарда акча каражаттарын накталай алуу жана тейлөө кызматтарына төлөө боюнча белгилүү бир кыйынчылыктар байкалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков насыя рыногун “узун акча” менен камсыздоо жана ресурстардын баасын төмөндөтүү жолу менен узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө жана ишкерлик активдүүлүккө жардам берүү иштерин активдештирүү зарылчылыгын белгиледи. Муну менен бирге банк ишине жаңы технологияларды киргизүү жана ошондой эле накталай эмес эсептөөнүн үлүшүн көбөйтүү максатында өлкөнүн алыскы аймактарында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал кайра иштетүү өнөр жай тармагына насыя берүүнүн көлөмүн көбөйтүү милдетин тапшырды. Мамлекет башчысы ар кандай спекуляциялардын жана улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн болтурбоо максатында ички валюталык рынокто абалды жакшылап карап, инфляциянын деңгээлин ооздуктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий