• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги бардык фракциялардын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушууда мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясый жактан мындан ары өнүктүрүүгө тиешелүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы 2017-жылдын 1-декабрынан тартып Конституциянын бир катар жаңы ченемдери күчүнө кирээрин белгиледи. “Бул Жогорку Кеңеш күчөтүлдү же Өкмөт күчөтүлдү дегенди билдирбейт. Азыр бийликтин үч бутагынын ортосунда тең салмак орнотулду. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеш үчүн бардык шарттар түзүлдү”, -деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент 2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы келерки жылдын февраль айында кабыл алынышы керек экендигин эскертти. Стратегия өлкөбүз үчүн Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жол картасы болуп берет деп фракция лидерлерин талкууга жигердүү катышып, сунуштарын киргизүүгө чакырды.

Президент ошондой эле Коопсуздук кеңеши, Сот реформасы боюнча кеңеш жана туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча Улуттук кеңеш бийлик бутактары реформаларды алдыга жылдырып, өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдорун сунуш кылуу үчүн жакшы аянтча болуп саналаарын эске салды.”Өлкөбүздүн жарандарынын сот реформасы, укук коргоо органдары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча нааразычылыктары көп. Биз кемчиликтердин бардыгын толугу менен жоюуга милдеттүүбүз. Биз коомду ыплас көрүнүштөрдөн арылтышыбыз керек”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент парламентте жакшы реформаларды тездетүүгө дагы, токтотуп коюуга дагы мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгиледи. “Эң негизгиси Алмазбек Шаршенович Атамбаев саясий атаандаштыкты түзүп берди. Эми баарыбыз биригип, экономикада таза конкуренцияга шарт түзүшүбүз керек. Биз мамлекетти бекемдөө жана элдин жашоосун жакшыртуунун үстүндө катуу иштешибиз керек. Элибиз конкреттүү жыйынтыктарды күтүп жатат. Бизде бардык бийлик бутактары биргелешип иштей турган милдеттер көп. Мен ар бириңиздер менен жолугушуп, сиздердин сунуштарды талкуулоого даярмын”, -деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Москвага жана Минскиге жасаган иш сапарларынын жыйынтыктарына дагы токтолду. Москвада кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулап, келечекке пландарды белгилешкендигине токтолду. ЖККУнун мааракелик сессиясында жамааттык коопсуздукту мындан ары чыңдоо боюнча Кыргызстандын позициясы жана көз карашы белгиленди. Сессиянын алкагында Кыргызстандын бир катар демилгелери жыйынтыктоочу документтерге киргизилди.

Минскиде ошондой эле Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жалпы казак-кыргыз кызматташтыгын, анын ичинде чек арадагы кырдаалды талкуулагандыгы айтылды. «Жол картасына» кол коюлганча чек араны ачып турабыз деп сүйлөштүк. Аталган документтерди макулдашып, чек арадагы маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн бүгүн-эртең өкмөттөрдүн жумушчу топтору жолугушат. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баш болгон министрликтердин өкүлдөрү бүгүн Астанага аттанат. Андан соң Бишкекке Астанадан тиешелүү делегация келип, тараптар жол картасына кол коюшат”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууга мындан тышкары Президенттин Аппарат Жетекчиси Алмазбек Усенов, Президенттик Аппараттын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев, Президенттик Аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов катышышты.

Пикир

Оставить комментарий