• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков кырсыктардан коопсуз жайларга көчүрүлгөн Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районунун кооптуу зоналарынан көчүрүлгөн адамдардын жашоо шарттары менен таанышты. Ош областына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы жаратылыш кырсыктарынан коопсуз жайларга көчүрүлгөн Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчы жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен Өзгөн районунун жашоочуларын жана кооптуу зоналарда жашаган жарандарды көчүрүү үчүн участокторду бөлүп берүүнү тапшырган. Тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө зарыл болгон инфраструктуралык жана социалдык объектилерди курууга тез арада киришүүгө тапшырма берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы Ана-Кызыл участогуна жана Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Жаман-Адыр участогуна барды. Бүгүнкү күндө бул аймактар электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз болду. Көчүрүлгөн жашоочулардын арасында участокторду бөлүштүрүү жумуштары аяктады. Регистрациялык кызмат органдары жерге болгон жеке менчик укугун тастыктаган 2500 актыны акысыз беришти. Мындан тышкары, мектептердин курулушуна котловандар казылды.

Жергиликтүү эл менен жолугушууда Премьер-министр бул максатта 1,4 млрд сом акча бөлүп бергенин айтты. Өкмөт башчысы турак жайларды өзгөчө кырдаалдардан жана жаратылыш кырсыктарынан камсыздандырыш зарылдыгын дагы бир жолу өзгөчө белгиледи. Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен кийин компенсация алышкан Чоң-Алай районунун 25 үй-бүлөсүн мисал келтирди.

Сооронбай Жээнбеков тиешелүү маморгандарга суук түшкүчө социалдык жана башка объектилердин курулушун тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушууда Премьер-министр социалдык жактан аз камсыздандырылган үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Аларга материалдык жардам берилет.

Жергиликтүү калк Өкмөт башчыга маселелерди жеринде ыкчам чечип бергенине ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Өзгөн районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусуна транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ЖАК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий