• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Кытайдын ТИМ башчысы Ван Ини кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 21.05.19./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкерликти колдоо жана ошондой эле Кытайдын тажрыйбасын эске алуу менен санариптештирүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Муну менен бирге эл аралык уюмдардын жана «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылдын июнунда Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берип, кыргыз-кытай достугун бекемдей турганына ишенимин билдирди.

«Бул визит ийгиликтүү, жемиштүү өтүп, биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет деп ишенем. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда толук түшүнүшүү, ишеним жана дос мамилелерибизди бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк бар. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда ири экономикалык долбоорлор жүрүп жатат. Биз кызматташтык жылдарындагы Кытайдын жардамын жогору баалайбыз», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгууну баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жолдор тармактарындагы артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен үч коркунуч — терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бир позицияда экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал ШКУнун алкагында өнүгүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

КЭР тышкы иштер министри Ван И өлкөлөр ортосунда стратегиялык өнөктөштүк орногонун белгилеп, Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана жакшы коңшусу экенин кошумчалады.

«Биз Сиздин жетекчилик астындагы Кыргызстандын өнүгүү курсун колдойбуз. Менин визитим Кытай Төрагасы Си Цзиньпиндин Сиздин өлкөгө боло турчу мамлекеттик сапарына жана алдыдагы ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине даярдык болуп саналат. Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте бардык багыттар боюнча даярдык иш-чаралары өтүп жатат. Биз КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин тарыхый визити ийгиликтүү өтүп, биздин элдердин ортосундагы дос мамилелерине жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө түр ткү берет деп ишенебиз», — деп белгиледи КЭР тышкы иштер министри Ван И.

Пикир

Оставить комментарий