• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Лабораториялык инфратүзүмдү өркүндөтүү биздин экспорттоону арбытат

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин лабораториясынын жаңы имаратын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу процессине техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында Оштогу карантиндик лабораториянын жаңы имаратынын курулушуна 240 000 АКШ доллары бөлүнгөнүн маалымдады.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет.

Лабораториянын адистерин окутууга 105 миң АКШ доллары бөлүнгөн, окутуунун биринчи этабы 2019-жылы өткөн, ал эми экинчи этабы болсо жакын арада күтүлүүдө.

Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында лаборатория 17,5 млн сомго заманбап лабораториялык эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалган.

Бүгүнкү күндө лабораторияда энтомологиялык, бактериологиялык, микологиялык, фитогельминтологиялык жана гербологиялык иликтөөлөр жана анализдер жүргүзүлүп жатат.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча бул лабораториянын негизги максаты — заманбап технологиялардын негизинде эл аралык талаптарга ылайык, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн фитосанитардык макамын аныктоо, ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын көтөрүү.

Лабораториянын ишин өркүндөтө турган санариптештирүү боюнча иш-чаралар мерчемделүүдө, маселен, арыздарды жана документтерди текшерүүнү кабыл алуу онлайн режиминде болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы эки кабаттуу имаратты, колдонулуп жаткан аппараттарды, ошондой эле автоунаанын базасында түзүлгөн, зарыл болгон жабдыктар менен жабдылган мобилдик лабораторияны көрүп чыкты.

Лабораториянын кызматкерлери менен баарлашууда мамлекет тарабынан аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүгө бир кыйла каражат бөлүнүп берилип, экспортко багытталган ишканаларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы бир канча жыл мурда аймактардагы фермерлерде өндүргөн продукцияларын сатууда, анын ичинде лабораториялык инфратүзүм өркүндөлбөгөндүктөн көйгөй жаралып келгенин эске салды. Сооронбай Жээнбеков бул максатта лабораторияларды эл аралык стандарттарга ылайыктап модернизациялоо улантылып жатканын кошумчалады.

«Мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактарга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардыгын жасап жатат. Бул үчүн каржы институттарынын каражаттары жер-жерлерге бурулду. Биз айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө абдан чоң көңүл буруп жатабыз, бирок мындай лабораториялар болбосо, биздин продукцияларды сырткы рынокторго чыгарууга мүмкүнчүлүк болмок эмес», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий