• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков “Өлбөс-өчпөс полктун” жүрүшүнө катышууда

Коом 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата Бишкек шаарында өтүп жаткан «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышууда.

Мамлекет башчысы чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул күнү келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын, чоң аталардын элесине таазим этүү менен бүгүнкү жүрүш алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналаарын белгиледи жана дүйнөдө тынчтык, элибизге ынтымак, аманчы лык каалады.

Эске салсак, Президент Жээнбеков өткөн жылы дагы «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышкан.

Бул акциядан кийин Мамлекет башчысы Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышат.

Пикир

Оставить комментарий