• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Ленинградды фашисттик баскынчылардан бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон, — деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун 27-январда белгилене турчу Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнүнө карата кайрылуусунда.

Мамлекет башчысынын атынан кайрылууну бүгүн президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкектеги Лениград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн эскерүү митингинде окуду.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештер,

Ленинград курчоосунун каармандары!

Бүгүн биз Ленинград шаарын немецтик фашисттердин курчоосунан толук бошотуунун 75 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бул күн — Улуу Ата-Мекендик согуштун жүрүшүндөгү бурулуш эле болбостон, 900 күндүк курчоодо калган адамдардын жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон улуу күн.

Дорогие соотечественники-блокадники!

Более 4,5 тысяч кыргызстанцев героически сражались за освобождение Ленинграда от окружения немецких фашистов.

В самые тяжелые времена наш народ поддерживал ленинградцев продуктами и необходимой одеждой.

В 1942 году менее чем за две недели было собрано и отправлено в Ленинград 48 вагонов продуктовой помощи и теплой одежды.

В Великую Отечественную войну Кыргызстан принял 16 тысяч жителей блокадного Ленинграда, среди которых 3,5 тысячи детей.

В те суровые годы во многих городах и селах республики размещались медсанбат, детский дом или интернат.

Здесь в тылу спасали раненых защитников и детей блокадного города.

Наши соотечественники ухаживали за эвакуированными детьми, как за собственными, кормили и обували их.

После войны многие эвакуированные вернулись в Ленинград, но для кого-то Кыргызстан стал второй Родиной.

В Бишкеке открыт Мемориальный комплекс блокадникам Ленинграда и кыргызстанцам, воспитавшим детей-ленинградцев, эвакуированных в Кыргызстан.

Мужество, сила духа и самоотверженность наших солдат, тружеников тыла, жителей блокадного Ленинграда стали примером беззаветного служения Отчизне.

Низкий поклон фронтовикам и труженикам тыла, блокадникам, вдовам, детям войны!

Пусть мир и благополучие всегда будут в ваших домах.

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Ленинград шаарын курчоодон толук бошотуунун 75 жылдыгы менен куттуктайм!

Биздин ата-бабаларыбыздын Улуу Ата Мекендик согуштагы кайталангыс эрдиктери жана оруктагы энелерибиздин каармандыгы, бийик адамгерчилиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат жана жаштарыбыз үчүн үлгү болуп кала берет!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, бакты-таалай, кажыбас кайрат, ачык асман, бейпил жашоо каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий