• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Ли Чжаньшу менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти катары бул Сиздин биринчи визитиңиз. Бирок Сиз буга чейин да ар кайсы кызматта иштеп турганыңызда көп жылдар бою кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз жана кытай элинин эски досу болуп саналасыз», — деп баса белгиледи Ли Чжаньшу, Сооронбай Жээнбеков менен учурашып жатып.

Ал Президент Сооронбай Жээнбеков менен Төрага Си Цзиньпиндин ортосунда абдан маанилүү сүйлөшүүлөр болгонун, анда эки лидер тең биздин эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чейин көтөрүүнү чечишкенин айтты. «Мунун зор тарыхый мааниси бар. Төрага биздин элдерибиз түбөлүккө дос болгону өтө маанилүү экенин белгиледи, ал эми Сиз Кыргызстан жана Кытай эң ишенимдүү достор, ишеничтүү өнөктөштөр жана жакшы кошуналар экенин айттыңыз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүг үнүн маанилүүлүгү белгиленди. Биргелешкен декларацияга кол коюлушу биздин мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгат. Кытайда жакын туугандар жана кошуналар бири-бирине дайыма жакшылык каалашат деп айтышат, ал эми сиздер бизге жакын кошунасыздар», — деп баса белгиледи Ли Чжаньшу.

Ал кийинки жылдары Кыргызстанда экономика өнүгүп, жарандардын бакубатчылыгы артып, ошондой эле өлкөнүн эл аралык ролу бекемделип жатканын белгиледи. «Сиз президенттик кызматка киришкенден баштап өлкөнүн өнүгүшү үчүн бир катар чараларды көрдүңүз. Ал эми өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө айтсак, биздин парламенттер аралык байланыштарды жана алака-мамилелерди күчөтөбүз,» — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирди жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын эл аралык күн тартибинде турган бардык негизги маселелери талкууланганын белгиледи.

«Төрага Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында Кытай Коммунисттик партиясы бүгүн турмушка ашырып жаткан новатордук концепциялар, идеялар жана стратегиялар кытай коомунун кеңири катмарлары тарабынан кызуу колдоо табууда, бул жарандардын ишениминин жогорку деңгээлде экенин, бекем ички баш кошкондуктун жана өз мекенинин тагдыры үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө даярдыктын далили болуп саналат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кытай жетекчилиги өз элине чоң колдоо көрсөтүп жатканын, бул өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болуп жатканын белгиледи. «Быйыл ачык-айкындуулук реформаларынын 40 жылдыгы белгиленет. Бул мезгил ичинде Кытай өз өнүгүшүндө дүйнөлүк өнүгүүгө таасир эткен албан ийгиликтерге жетишти. Биз чыныгы досубуз, ишеничтүү өнөктөшүбүз жана жакшы кошунабыз болгон кытай элинин жетишкендиктери үчүн ар дайым кубанычтабыз. Биздин кызматташтыкты биз жогору баалайбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий