• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды

Президент 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. «Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ошондой эле динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

Айымдар жана мырзалар!

Бүгүнкү конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.

Алыстан ат арытып, биздин өлкөгө келген бардык конокторубузга Кыргызстан элинин атынан терең ыраазычылык билдирем! Кыргыз жергесине кош келиңиздер!

Бул конференциянын темасы бардык өлкөлөрдө, бардык мезгилде актуалдуу бойдон кала берээрин далилдеп отуруунун кажети жок. Бүгүн каралып жаткан маселелер биздин мамлекет жана коомчулук үчүн да өтө орчундуу.

Анткени Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашты ырааттуу жолго коюу үчүн бүгүнкү конференциянын пайдасы тийчү маселелер дагы эле аз эмес.

Совет мезгилинде толук тыюу салынып, көз карандысыздык учурунда эркиндик берилген диний чөйрөдө чечилбей калган өтө маанилүү маселелер бар. Мисалы, ички диний ишенимге эч кимдин киришүүгө акысы жок, ал эми диний ишмердик менен мамлекеттин карым-катнашы кандай болушу керек?

Бул суроого жооп издеп, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, ар кайсы мамлекеттердин ар башка саясатын көрдүк.

Кээ бир өлкөлөр „мамлекет дин иштерине кийлигишпейт“ деген позицияны карманышат.

Айрым мамлекеттер кандайдыр бир динге расмий же мамлекеттик деген статус беришкен. 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ.

Традициялуу диндер деген түшүнүктү өз конституцияларында белгилеген мамлекеттер аз эмес.

Мамлекет тарабынан айрым бир дин өзгөчө колдоого ээ болгон. Тескерисинче, кандайдыр бир диндин үстөмдүгүнө тыюу салган мамлекеттер да бар.

Жалпылап айтканда, ар бир мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып, келечек жолун эске алып, мамлекет тарабынан диний чөйрөнү тескөө саясатын аныктайт.

Биз дагы жалпы коомчулуктун талкуусу менен жактырылган Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга ылайыктуу болгон диний саясатты ишке ашыруубуз зарыл.

Жогорудагы мисалдар далилдеп тургандай, мамлекеттин диний саясаты үчүн сырттан алчу даяр үлгү жок, ал бүгүнкүдөй кадыр-барктуу конференциялардагы талкуулардын негизинде жаралат.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон кийинки мезгилде кандай өзгөрүүлөр болду?

Өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды.

Конфессиялар жана диний уюмдар эркин өнүгүү багытына түштү. Мамлекет конфессионалдык мамилелерге киришкен жок.

Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды.

Коомдун жана мамлекеттин турмушуна диндин тийгизген таасиринин жакшы жактары көп болду. Ал жарандарды интеграциялоонун кошумча институту болуп калды.

Ошол эле учурда, берилген эркиндиктердин арты менен, көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Алардын түпкү максаттары коом үчүн бүдөмүк бойдон калды.

Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз.

Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес.

Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар.

Жаштарды заманбап билимден, маданияттан, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен алыстатып жаткандар да жок эмес.

Жалпы Борбор Азия регионунда болуп жаткан окуялар, айрым группалардын таасири биздин өлкөгө да жетип жатат.

Исламды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга жасаган аракеттердин курмандыгы болгон айрым жарандарыбыз бар.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Азыркы Кыргызстан — дин мамлекеттик бийликке аралашпаган заманбап мамлекет.

Мамлекет конфессиялык жактан нейтралдуу позицияны ээлейт, эч бир динге артыкчылык бербейт жана эч кандай диний идеологияны жарандарга таңуулабайт.

Өз кезегинде, диний уюмдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине кийлигишпейт.

Дин — адамдын жүрөгүндөгү ишеним. Динге карата мамиле — ар бир адамдын жеке иши. Эч ким башкаларга өз көз карашын таңуулай албайт.

Мамлекет да таӊуулабайт. Ал гана эмес, ар бир адамдын дин тутуу эркиндигин коргоо — мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү милдети.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Ошол эле учурда мамлекеттин базалык функциялары бар. Алардын бири катары — коомдун тынчтыгын, анын өнүгүүсүн камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алган.

Ошондуктан мамлекеттин диний чөйрөгө кийлигишүүсүн кеӊейтүү зарылдыгы келип чыкты.

Ушул тезисти далилдөө максаты менен бүгүнкү конференциянын талкуусуна төмөнкү төрт идеяны сунуш кылам.

Биринчи, Мамлекеттик органдар коомдогу ар түрдүүлүктүн бөтөнчө баалуулук катары туруктуу сакталышына кам көрүүгө милдеттүү.

Ар түрдүүлүк — өлкөбүздүн чоң артыкчылыгы, жетишкендиги.

Биз, кыргызстандыктар, улутубуз, тилибиз жана динибиз ар башка болгону менен бир өлкөнүн жарандарыбыз. Мекендештербиз, тилектештербиз, санаалаштарбыз.

Мамлекеттин жарандары бардык диний агымдарга толеранттуу мамиле жасоону үйрөнүүгө тийиш. Коом үчүн башка көз карашты сыйлоо жана бекем диний ынтымак керек.

Бирок, бул максатка жетүү өзүнөн өзү эле орун албайт. Кимдир бирөөнүн абдан чыдамкай, узакка созулган аракети керек.

Бир дагы уюм, бир дагы коллектив муну аткара албайт. Бул жалгыз гана мамлекеттин колунан келет.

Мамлекет гана бүтүндөй элдин камын көрөт. Өзгө жана жатка бөлүүгө, бир динди экинчи динге карама-каршы коюуга жол бербейт.

Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ошондой эле динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керек.

Ошол эле учурда, диний агымдардын өкүлдөрүнүн өздөрү да светтик коомдо жана анын мыйзамдары боюнча жашоосу абзел.

Жогоруда айтылгандар үчүн тиешелүү укуктук нормаларды иштеп чыгып, алардын аткарылышын камсыз кылуу керек.

Өнүгүү үчүн зарыл жүрүм турумдарды күнүмдүк адатка айлантуу — мамлекеттин күч аракетин талап кылат. Мамлекет гана динди жалпы коомдун өнүгүүсүнө карай багыттай алат. Ошондуктан анын дин чөйрөсүндөгү ролу азыркыдан жогору болушу зарыл.

Экинчи, Коомдун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тарыхый традицияларды абдан кылдат сактоо зарыл экенин чейрек кылымдык тарыхыбыз дагы бир ирет далилдеди.

Ал үчүн биздин коомго традициялуу болуп калган ислам жана православие диндери менен мамлекеттин ортосундагы социалдык өнөктөштүккө кененирээк жол ачуу керек.

Ошол эле учурда бул диндердин өкүлдөрү коомдун келечеги үчүн көбүрөөк милдет алуусу зарыл болот.

Ал эми жаӊы, традициялуу эмес диний агымдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө бул агымдардын өкүлдөрүнүн санына болгон талаптарды күчөтүп, каттоо мөөнөтүн узартуу керек болот.

Коомдун тынчтыгын, улуттар аралыкты ынтымакты камсыз кылуу үчүн дин менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы формаларын жаратуу зарыл.

Үчүнчү, кийинки мезгилде жаралган жаңы чакырыктарга туура жооп табуу милдети келип чыкты. Мисалы, биздин коомдун келечек өнүгүүсүнө төп келген диний билим берүүнүн бардык тепкичтерин камсыз кылуу маселеси жаралды.

Мунун мисалы катары Кыргызстанда биринчи жолу имамдар кошумча окууга тартыла баштаганын айтсак болот.

Ислам колледжинин мамлекеттик лицензиянын талаптарын аткарып, министрликтин көзөмөлү менен окуу стандарттарын ишке ашыра баштаганы да колдоого татыктуу мисал.

Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү бир системанын тиешелүү тепкичтери болушу зарыл.

Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот.

Төртүнчү, Ата-бабаларыбыз карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга карама-каршы келбейт.

Бул байыркы кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына да туура келген. Анткени биздин ата-бабаларыбыз ислам элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына төп келгени үчүн да исламды дин катары кабыл алышкан.

Орто кылымдарда Борбордук Азияда ислам дининин жайылуусу менен Кыргызстанда шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар салынган.

Азыркы Бурана, Өзгөн мунарасы, Шах Фазил, Таш-Рабат сыяктуу архитектуралык эстеликтер курулган.

Жусуп Баласагындын „Кут алчу билими“, Махмуд Кашгари-Барсканинин „Диваны“, Абу Бакр Серахси-Өзгөндүнүн „аль-Мабсуту“, Сираажуд-Дин Ошинин „Бадуль-амалийи“ ж. б. улуу инсандардын эмгектери жаралгандыгы баарыбызга маалым.

Бүгүн ислам — мамлекетибиздин социалдык, маданий жана руханий өнүгүүсүнүн, коомдук жашоосунун ажырагыс бөлүгү.

Улуттар ортосундагы жана диндер аралык диалогду, ынтымакты өнүктүрүүдө өлкө калкынын дээрлик көпчүлүгүн түзгөн мусулман коомчулугунун салымы зор.

Радикалдуу диний агымдарга альтернатива иретинде ата-бабадан калган исламдын салттуу баалуулуктарын мамлекет илгерилетүүсү керек.

Тынчтыктын, сабырдуулуктун, мээримдүүлүк менен кайрымдуулуктун, ыймандын дини катары ханафий масхабын колдоо — Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө кызмат кылуусу зарыл.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Диний кырдаалдын өзгөрүшү менен мамлекеттик-конфессиялык мамилени жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүү максатында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы иштелип чыккан.

Диний чөйрөдө натыйжалуу укуктук-нормативдик базаны чыңдоо максатында „Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга“ толуктоолор киргизилип, нормативдик укуктук мыйзам актылары иштелип жатат.

Бүгүн, коомдогу мамлекеттик-конфессионалдык мамилелердин проблемалары жана өнүгүү жолдору терең талкууланып, маанилүү идеялар жана тийиштүү сунуштар жаралат деп ишенем.

Сиздердин илимий тыянак-сунуштар, теологиялык негиздөөлөр азыркы светтик мамлекетте исламдын ордун жана ролун аныктоого, ошондой эле өлкөдө мамлекеттик-конфессионалдык жана конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң жардам берет!

Бүгүнкү конференцияны уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык эл аралык өнөктөштөргө — Бириккен Улуттар Уюмунун Агенттиктерине, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна чын дилимден рахмат айтам!

Азыркы мезгилдин эң олуттуу маселесине арналган Эл аралык конференциянын иши жемиштүү жана ийгиликтүү өтсүн!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий