• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Өлкөдөгү биримдиктин туусун бийик кармоо ар бир кыргызстандыктын асыл максаты

Президент 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. «Бүгүн — улуу салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Өз куттуктоо сөзүндө Мамлекет башчысы баардык кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ал эркиндик эч качан белекке берилбейт, эркиндик эч качан тартууланбайт, ал күрөш менен келет, деп белгиледи. Бүгүнкү улуу күн үчүн, эркиндик үчүн ата бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди. Эгемендүүлүк үчүн эчендеген эр азаматтар өз өмүрүн арнады, башын канжыгага байлады.

«Азаттыкты эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик. Эркиндикти сүйгөн рух кылымдардын сынагынан өтүп, муундан муунга мурасталган дөөлөт болду. „Манас“ эпосунда айтылгандай „Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү эл, Өксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журт“ болдук», — деп белгиледи Президент.

Кыргызстандын соңку тарыхы жөнүндө сөз кылып жатып, Сооронбай Жээнбеков жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган, көөнөрбөс баалуулук экенин тарых дагы далилдеп турганын белгиледи. Өлкө акыркы чейрек кылымда эки элдик революцияны башынан өткөрдү. Мамлекеттин тагдырына эл кайдыгер болбой, ата-бабалардын улуу жолун улаган коом үчүн, адилеттүүлүк үчүн улуу күрөшкө жан аябаган эл экенин далилдеди. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн канын төгүп, шейит болгон баатырларыбызды бүгүн тере ң таазим этип эскеребиз.

«Жараткандын амири менен эгемен мамлекетте, эркин коомдо жашоо мүмкүндүгү — биздин муундун тагдырына туш болду. Бүгүн белгилеп жаткан 27 жыл — бул тарыхтын өлчөмүндө анча деле көп эмес убакыт. Бирок биз мааниси жагынан кылымга тете мезгилди басып өттүк. Дүйнөлүк коомчулукта өз ордубузду таптык. Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду. Эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен аймактык жана дүйнөлүк интеграциялык процесстердин теӊ укуктуу катышуучусу болдук. Эми улуу жолду улантып, эгемендикти эӊ бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактап, урпактарга жеткирүү — биздин милдет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Жүрөк түпкүрүндө сактаган мекенчилдигибиз, ата-бабалардын элеси алдындагы милдетибиз, азаттыкты баарынан жогору баалаган рухубуз — бизди алдыга сүрөйт, дем берет, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков. — Кыргызстандын келечеги үчүн өлкөдөгү тынчтыктын, улуттар арасындагы ынтымактын баркын сезип, мамлекеттүүлүгүбүздү коргоп, биримдигибиздин туусун бийик кармайлы. Ар бир кыргызстандык үчүн бул асыл максат болушу абзел».

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү — ар бир жарандын мекенге болгон патриоттук сезимине байланыштуу экенин белгиледи. Жарандын укугун коргоп, анын эркиндигин сыйлаган мамлекетте жашаган адам гана ошол өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну эңсейт, максат кылат.

«Коомубуздун укуктук негизде жашоосу, ар бир адамдын жарандык укугун бийик коюу, адамдык баалуулактарды бекем сыйлоо — биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи. Өлкөнү узак мөөнөткө өнүктүрүү концепциясында адамдык капитал — өнүгүүнүн негизги ресурсу катары алдыга чыкты. Бул ресурс ишке кириш үчүн адам эркиндиги, ишкерликтин эркиндиги, чыгармачылыктын эркиндиги зарыл. Бардык тармакта эркин атаандаштык орнотулат. Эркиндиктин өзү — мамлекетти өнүгүүгө алып келчү ресурс катары бааланат. Эркин адамдардын экономикалыÐ º жана саясий укуктары корголот. Менчикти сактоо, эркин ишкердикти жүргүзүү, инвестицияларды коргоо кепилдиги орун алат. Биздин өлкөдө эркин шайлоо укугун камсыз кылабыз. Мына ошондуктан мамлекеттик башкаруудагы демократиялык принциптерди тереӊдетебиз», — деп белгиледи Президент.

Эл үчүн таза кызмат өтөө, коррупциядан алыс болуу — бийлик органдарынын маӊызын аныктаган башкы максат экенин белгиледи. Бийликтин бардык бутактары дайыма элдин үнүн угуп, коомдун талабын сезип турушу — Кыргызстанда да адаттагы эле көрүнүш болот.

«Жалпы элдин талабын ишке ашырып жаткан Президент катары мен бийлик системасындагы ушул өзгөрүүлөрдү камсыз кылам. Бул менин негизги милдетим! Биз эркин коомдо иштеп, жашаган эркин адамдардын өлкөсүбүз. Эгемендик биз үчүн ар бирибиз аркылуу ыйык корголгон улуу баалуулук. Кыргызстан — инсандын эркиндиги, адамдын экономикалык жана саясий эркиндиги баарынан жогору турган өлкө. Биз биргеликте жашоого, эмгектенүүгө, балдарды тарбиялоого ыңгайлуу коомду түзөбүз. Биз өлкөбүздүн жана балдарыбыздын келечеги ар бирибизден кө з каранды экенин түшүнүшүбүз керек», — деп белгиледи ал.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы мамлекет үчүн ар бир жарандын салымы баалуу жана маанилүү экенин белгиледи. Бардык кыргызстандыктардын биримдиги, коомдогу улуттар аралык ынтымак, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабагандык — ийгиликтин негизи болот.

«Биз коңшу өлкөлөр менен болгон достук мамилелерди баалайбыз. ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу интеграциялык биримдиктердеги бардык өнөктөштөр менен конструктивдүү саясий-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын ыйык сактап, Батыштын да, Чыгыштын да өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди тереңдетебиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал максаттарга жетиш үчүн өлкөдө тынчтык, коомдо туруктуулук, элдердин ортосунда достук болушу керектигин белгиледи.

«Биздин өлкөбүз, келечегибиз, максаттарыбыз бир. Биргеликте ийгиликтерге жана чоң максаттарга жетишебиз. „Мен — кыргызстандыкмын“ деген мекенчилдик сезим ар бирибиздин жүрөгүбүзгө орногон адамдык дөөлөт, баалуулук болсун! Ынтымагы бар элдин, таалайы, багы ачылат. Ынтымагы жок элдин, тапканы бекер чачылат, — дегендей, биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында!», — деп чакырып өттү Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков калайык-калкка, өлкөнүн ар бир атуулуна, сыртта жүргөн мекендештерге ден-соолук, ийгилик, бактылуу жана бакубат жашоо каалап, «өлкөдөн өткөн дөөлөт жок, кыргыз мамлекети — баарынан жогору, " — деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий