Жээнбеков өлкөдөгү финансылык институттардын башчылары менен жолугушту. Эмнени талкуулашты?

Экономика 0

Бишкек, 06.03.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта "Кепилдик фонду" ААКнын, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун, Айыл банк жана РСК банктын башчыларын кабыл алып, аталган институттардын өткөн жылдагы жыйынтыктары жана 2019-жылга коюлган пландары тууралуу маалымат укту.

Кепилдик фонддун төрагасы Малик Абакиров билдиргендей, президент аймактарды каржылоо жана санариптештирүү тууралуу бир катар талаптарды койду. Өлкө башчы кайра иштетүүчү мекемелерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Андан тышкары, президент атамекендик өндүүчүлөргө артыкчылыктуу мамиле жасоо жана инвестиция чакыруу боюнча иш алып барууга чакырды.

“Былтыркы жылы кандай көлөмдө иш жүрдү жана ушул жылга коюлган пландар тууралуу да айттык. Кепилдик фонд тарабынан 75% кепилдик ишкерлерге берилген. Алар болсо жаңы ишкана ачып, же болбосо айыл чарба продукциясын өндүрүп, андан тышкары өндүрүшкө да жумшашкан. Кээ бир чоң долбоорлор бар, мисалы, Таласта төө бурчакты кайра иштетип сатууга, андан тышкары сүт фабрикаларды, заводдор түзүлдү. Эгер биз былтыр 507 млн. сомго кепилдик берсек, быйылкы жылы биз эки эсеге көп 1 млрд. сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Андан тышкары Айыл банк менен биргеликте кошумча тракторлорду чыгара турган фабрикаларды каржылаганбыз. Быйылкы жылдын январь айында 7 трактор чыгарылды. Алар азыр ишкерлерге берилди. Келечекте 50дөн 100 чейин тракторлорду чыгарып, айыл жергесине жеткирип беребиз деген пландар бар”, - дейт ал.

Эркин Асрандиевдин айтуусу боюнча, 2018-жылы фонд тарабынан 1700гө жакын долбоор жактырылды. Жалпы суммасы 300 млн. сомдон ашкан. Анын 54% өндүрүш, айыл чарба, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө кетти. Жылдын ичинде чакан жана орто бизнес жаатында 705 долбоор колдоо тапты. Анын ичинен 500гө жакыны кайра иштетүү ишканалары. Андан тышкары, 2018-жылдын ичинде 7 чоң ири ишканалар ачылды. Анын арасында курулуш материал чыгарган завод, Араван районундагы чоң цемент завод, кийим тигүү фабрика модернизациядан өттү, бут кийим тигүүчү фабрика ачылды, камыр азыктарын чыгарган фабрика ишке кирди.

“Нарын, Талас жана Баткен облустарында стартаптарды каржылоодо чоң жеңилдиктер каралган. Анткени бул облустарда башка облустарга салыштырмалуу элдин саны азыраак, жашоо шарттар кыйыныраак жана ишмердүүлүктү жүргүзүү да кыйыныраак. Ошол себептен ал аймактарда долбоорлордун саны азыраак. Бул багытта президент да тапшырма берди. Биз ошол үч облуска мындан да жеңилирээк шарттарды берүүнү карап жатабыз. Пилоттук долбоор караты ошол облуска 2019-жылы акча бөлүнөт. Ошол акча жеңилдетилген формада насыяга күрөөсүз, үч жылдык таза пайдасы бар ишмердүүлүк деген да талаптар жок болот. Долбоордун өзү каралат. Кайра иштетүү жаатында жакшы долбоор болсо, каржылай беребиз”, - дейт Асрандиев.

Ал билдиргендей, КРӨФ тарабынан ишкерлерге чектөөнүн суммасы 5 эсеге азайтылган. Ар бир облуста кеңеш берүүчү борборлор иштеп жатат. Алар бизнес-план түзгөнгө, кредит алууда керектүү документтерди чогултууга жардам берет.

“Былтыркы коюлган талаптын негизинде РСК банк аймактарды каржылоо боюнча булактарды 50% көтөрдүк. Бул себептен бир гана Бишкек жана Ош чоң шаарларды каржылабастан, алыскы райондордо каржылоону күчөтө баштадык. Мындан сырткары санариптештирүүнүн алкагында РСК банк “мобилдик банкингди” киргизди. Бул мобилдик банкинг аркылуу биздин элдер айыптарды, кызматтарды жана башка баардык төлөмдөрдү уюлдук телефон аркылуу жүргүзө ашыра алышат. Элдерди ошого үйрөтүп алсак, алыскы аймактарда да байланыш болгон жерде төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк болот”, – дейт банк башкармалыгынын төрагасы Азизбек Өмүркулов.

Ал билдиргендей, мындан сырткары, РСК банк ШКУнун алкгында банктар аралык уюмдун мүчөсү болот. Ошол уюмдун ичинде түзүлгөн келишим аркылуу бири-бирине каржылоо булактар ачылат. 10 млн. доллар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

“2018-жылы айыл чарба тармактарын каржылоого 8 млрд. сом элдерге тараттык. Ал 8 миң 800 кредиттерди түздү. Ичинен 1 млрд. 800 миң сому айыл чарба каржылоо долборунун алкагында болгон”, - деп кошумчалады Өмүркулов.

Ал эми Айыл банктын төрагасы Мурат Акимов билдиргендей, банк тарабынан 2018-жылы берилген кредиттердин көлөмү 19 млрд. сомдон ашкан. Региондорго таратылгандары 11 млрд 800 миңден ашык насыяны түзгөн.

“Кредиттердин жылдык үстөгүн 18 пайыздан 16%га чейин түшүрөбүз. Айыл чарбасында иштеген ишкерлер ошол 16% үстөк менен ала алышат. Банк тарабынан кредитин төлөй албай калган ишкерлерге насыялык мөөнөттү узартуу жана графиктерди жылдыруу боюнча жардам берилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий