• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Өлкөдө өндүрүш көп болсо, мекендештерибиз акча табабыз деп үйлөрүн таштап, сыртка кетпейт эле

Президент 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. «Биздин мамлекеттик саясат бүгүн өлкөнүн өнүгүшүнө, жарандарын жашоо-турмушунун жакшыруусуна көмөкчү боло турган ишкерлерди колдоого багытталган. Өлкөнүн финансы институттарынын бардык ресурстары айылды өнүктүрүүгө жана аймактарда ишкерликти колдоого багытталган. Өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук көп болот жана мекендештерибиз үйлөрүн таштап, акча табабыз деп сыртка кетпейт эле», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда, Чүй облусунун Токмок шаарында текстиль буюмдарын өндүргөн «Viva Tex» ишканасына барганда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ишкананын жетекчиси Икбол Бахрамова жүндөн жана пахтадан трикотаж, андан буюмдарды чыгарып жатышканын айтып берди. Токмокто 630 адам, Бишкек шаарындагы эксперименталдык цехте 75 адам иштейт. Бардыгы болуп, 705 адам эмгектенет.

Ишкана Казакстан, Россия, Германия, Түркия, АКШ, Өзбекстандын фирмалары менен кызматташат. Сатуу рыноктору — Кыргызстан (55%), Россия (27%), Казакстан (10%) жана Өзбекстан (8%).

Кубаттуулугу — айына 100 тонна жүн жиптерин жана 30 миң даана трикотаж буюмдарын чыгара алат.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду модернизацияга акча бөлүп берип, ага Германиядан жаңы трикотаж үчүн токуучу машинкалар алынган.

Президент өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен мындан ары дагы кызматташып, өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле жаңыдан ишин баштаган «КазГрейн» ЖЧКнын «Макарон азыктарынын комплексине» барды.

Ишкананын ишмердиги боюнча маалыматты анын жетекчиси Султан Имангазиев берди.

Анын айтымында, «Каз-Грейн» ЖЧКсы өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү максатында кошумча «Макарон азыктарынын комплекси» цехин жана линиясын ачкан. Цех Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарына жана ошондой эле өз каражаттарына ачылган. Ишкана толугу менен Кыргызстанды камтып, андан соң продукциясын сыртка экспортко чыгарууну пландап жатат. 50дөн ашуун киши жумуш менен камсыз болгон, өндүрүш кубаттуулугу — айына 1800 тонна.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды ачкан жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздаган ишкерлер өлкөдө эң сый-урматка ээ болгон жарандардан болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Көп учурда жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары ушундай ишкерлерге жардам бергендин ордуна, тескерисинче, тоскоол кылып, негизсиз текшерүүлөр менен кыйнайт. Биз ишкерликке болгон мындай мамилени өзгөртүүнүн үстүнөн катуу иштеп жатабыз. Андай болбошу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий