• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Өлкөдө парламенттик демократия калыптануу жолунда

Президент 0

Бишкек, 12.09.20./Кабар/. «Өлкөдө парламенттик демократия калыптануу жолунда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, парламенттик демократия бир-эки шайлоо менен эмес, бир канча жолкудан кийин калыптанат, өнүгөт. Муну өнүккөн парламенттик системасы бар өлкөлөрдүн тарыхы көрсөтүп турат.

Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, бул процессте эң чоң жоопкерчилик — партияларда. Алардын идеологиялык платформасынын түзүлүшүндө, алардын ички тартибинде.

«Белгилүү түшүнүк бар го „демократиялык центризм“ деген, ошол демократиялык центризмдин жоктугунда болуп жатат. Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок. Бул эгемен Кыргызстан парламенттик демократияга жол алды деген акыркы 10 жылдагы көрүнүш», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө белгилегендей, өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, эң ириде партиялар партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеш керек. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар өздөрү дагы, партиялардын лидерлери дагы. Мен мурда да айткам. Бизде, тилекке каршы, укугубузду жакшы билебиз, жакшы коргойбуз. Бирок милдетке келгенде, башкаларга доомат артып, күнөөлүүлөрдү башка жактан издегенге көбүрөөк ыктайбыз. Өлкө качан өнүгөт? Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт. Өзүнүн милдетин дагы, укугун дагы бирдей билгенде өлкө өнүгөт», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатканын баса белгиледи.

«Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат. Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт. „Эл башкарам, элдин тагдырын чечем“ деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот.

«Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буйруса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий