• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-майына чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий