• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыйкатчы: Жарандардан келген арыздын 70% сот, тергөө жана прокуратура байланыштуу

Президент 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда өлкөнүн акыйкатчысы (омбудсмени) Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Акыйкатчы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу 2018-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында өтө турган «Адам укуктары Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары» конференциясы тууралуу маалымат берди.

Ал ошондой эле анын акыйкатчынын кызматында аткарып жаткан ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, жарандардан келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу экенин маалымдады.

Мамытов Омбудсмендин аппараты Омбудсмен институтунун «115 тез линиясынын» ишин жандандырып, анын жардамы менен жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатышканын билдирди.

Жээнбеков Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирди.

Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу омбудсмен институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын белгиледи.

«Бардык арыз-даттанууларды кылдат териштирип, адилеттүү баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатат. Бул багытта Омбудсмен институту бул тармактардагы реформаларга жооптуу мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта болушу керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий