• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.06.10 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер мамлекеттик башкаруу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга зор салым кошуп келе жатасыздар.

Сиздердин ар күнкү ишиңиздер элдин бийликке болгон ишенимине, өлкөнүн кең келечегине болгон элдин үмүтүнө түздөн- түз таасир этет.

Өзгөчө кырдаалдын азыркыдай шартында бийликтин өкүлү катары сиздерден жогорку кесипкөйлүк сапаттар эле эмес, ишке болгон жоопкерчилик, элге аяр мамиле кылуу талап кылынат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коомчулукка өз ишине берилгендиктин жана жарандык жогорку жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөтүшү керек.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий