• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков өлкөнүн ММК жетекчилери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК кабарчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Учурдагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын март айында мындай форматтагы алгачкы жолугушууда жемиштүү, ачык баарлашуу болуп, ар түрдүү маселелер боюнча жакшы сунуштар айтылганын канааттануу менен белгиледи.

ММКлар өлкөнү өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкаруу системасынын ачыктыгы жана натыйжалуулугуна өз салымын кошуп жатканын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өз президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктар жөнүндө айтып берди. Аймактык өнүгүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, өлкөнү санариптештирүү, сот-укуктук реформа, коррупцияга каршы күрөш, инвестициялык климатты жакшыртуу чаралары, социалдык тармакты жана айыл чарбасын колдоо багыттарына кенен токтолду.

«Суроо-жооп» форматындагы жолугушууда катышуучулар сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик карызды башкаруу, реформаларды ишке ашырууда жарандык коомдун орду, келерки парламенттик шайлоодогу босого чек, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча суроолорду беришти.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелери, өлкөнүн тышкы саясаты, борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар жөнүндө суроолорго жооп берип, жакынкы келечек пландары тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ММК — телеканалдардын жетекчилери катышты: КТРК, ЭлТР, ТРК Мир, New TV, НТС, Бешинчи канал, 7-канал, Next TV, Прайм ТВ;

Маалымат агенттиктери: Кабар, АКИпресс, 24.kg, Sputnik Кыргызстан, Kaktus.media, Kloop, Elgezit, Govori.TV;

Гезиттер: «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек», «Супер Инфо», «Новые лица», «Де Факто», «Факты», «Дело №», «Жаңы Ордо», «Общественный рейтинг», «Майдан», «Фабула пресс», «Кутбилим», «Ачык сөз»;

Радио: BBC, Азаттык.

Өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери: Reuters, Франс-пресс, ИТАР-ТАСС, РИА «Новости», Российская газета, Комсомольская правда, ВГТРК «Россия».

Мындан тышкары, чакырылып, бирок ар кандай себептер менен катыша албай калган ММК жетекчилери төмөнкүлөр: «Пирамида» телеканалы, Knews, Интерфакс, Eldik.media жана Tuz.kg маалымат агенттиктери, Марал радиосу, «Республика», «Азия ньюс», «Московский комсомолец» гезиттери.

Жолугушуу эки сааттан ашык убакытка созулуп, Мамлекет башчысы 26 катышуучунун суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Андан соң баарлашуу бейформал маанайда улантылды.

Пикир

Оставить комментарий