• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков 2020-жылга карата өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча артыкчылыктуу багыттар менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Мамлекет башчысы 2019-жылы өлкөнү санариптик трансформациялоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча масштабдуу иштер жасалганын канааттануу менен белгиледи.

Маалымат алмашууну автоматташтыруу процесси бизнес жана мамлекеттик органдарда экономиканын бардык чөйрөлөрүндө башталгандыгы белгиленди.

Бир катар архивдик документтер санариптик форматка өткөрүлүп, кайталанган функциялары менен справкалар жоюлду.

Санариптик платформа түзүлүп, ал жеке түзүмдөрдүн «Түндүк» Электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна активдүү кошулуусун камсыз кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Санариптик инфраструктураны калыптандыруу, тиешелүү платформаларды жана маалымат базаларды түзүү менен катар өлкө жарандарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүп, буга катышкан мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек. Ошондой эле тездетилген санариптик трансформациясы үчүн жагымдуу мыйзамдык негизди түзүү зарыл. Ансыз калк санариптешүүнүн реалдуу оң натыйжаларын сезе албайт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн санариптик трансформациясы 2020-жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин эске салды.

Мындан тышкары, Президент маалымат алмашууну коргоону камсыз кылуунун маанисин өзгөчө белгилеп, кибер коопсуздукту камсыздоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» Концепциясынын алкагында өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды — Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо боюнча Жарлыгына ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын санариптештирүүгө артыкчылыктуу тартипте басым жасаларын баса белгиледи.

Жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет.

Бул иш Маалымат технологиялары жана байланыш Мамлекеттик комитетинин жөнгө салуусу алдында Улуттук статистикалык комитет, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлөт.

Жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык-агартуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев 2020-жылы аталган платформаны өлкөнүн бардык региондоруна киргизүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий