• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды. Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына КРнын узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын маалымдады.

Стратегия-2040 орто мөөнөттүү этабын ишке ашыруунун алкагында ошондой эле КРнын Президентинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Улуттук кеңештин жыйыны 2018-жылдын 25-июлуна пландалды.

Пикир

Оставить комментарий