• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы

Президент 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт. Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да эле ктрондук форматка которулат.

«Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз контактта болуусун кескин азайтат. Бул коррупцияны жоюунун негизги куралы. Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү өтө зарыл. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоону чечтим. Тиешелүү Жарлыкка ушул жумада кол коюлат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий