• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. »Кээ бир мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

»Мөөнөттөрү 6-7 ай мурда өтүп кеткен айрым иш-чаралар аткарылбай калууда. Мисалы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринде иш ойдогудай жүрбөй жатат. «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардан ыкчамдыкты талап кылам», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июль айына чейин Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чечимин аткаруу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, бул маселе Коопсуздук кеңештин жыйналышында карала турганы маалым болгондон кийин мамлекеттик органдар активдешип, айрым иш-чаралар аткарыла баштаганын баса белгиледи.

»Санариптештирүү чөйрөсүндө кандай иш-чаралар аткарылбай жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Коопсуздук кеңештин катчысы да баяндады. Мен бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылбай калышына жол берилбей турганын эскертем. Бул эскертүү — «Түндүк» системасынын алкагында мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну толук камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине тиешелүү. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү жарыялоону туура сунуштоодо. Эгерде абал жакшырбаса, жарым жылдын жыйынтыгында өтө катуу тартип чараларын көрөбүз», — деп эскертти президент.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт кыска мөөнөт ичинде, Коопсуздук кеңештин чечиминдеги ар бир иш-чара өз учурунда жана жогорку деңгээлде ишке ашырылышына бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирди.

Маалымкаттарды автоматташтырууга, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө көңүл бурулушу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Электрондук форматта көрсөтүлө баштаган кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Биринчи кезекте, маалыматтар базасын түзө элек жана түзүүнү создуктуруп жиберген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыгуу зарылдыгына токтолду.

»Санариптештирүү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө мааниге ээ. «Мектеп медицинасы — Ай-Ти-оорукана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун колдонууга киргизүү формалдуу болуп жатат. Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар. Санариптештирүү саясатына тоскоолдук кылуу, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы, президенттик аппаратка кайрылып, министрликтерге, ведомстволорду максималдуу колдоп, санариптештирүү саясатын чогуу алып кетип, ишти тездетүүгө чакырды.

»Ар бир министрден, ведомство жетекчисинен тартып, оорукананын, мекеменин, мектептин жетекчиси да санариптештирүү үчүн керт башы менен жоопкер. Санариптештирүү — менин президенттик ишимдин негизги маңызы деп силерге дагы бир ирет эсиңерге салам. Анткени коррупциянын негизги себепчиси болгон адамдар ортосундагы өз ара алаканы санариптештирүү гана жоё алат. Санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимди аткарууну тездетүү деген талап объективдүү факторлор менен шартталган. Маалымат технологиялары абдан тез өзгөрөт. Ар бир күндү текке кетирүү биздин өлкөнүн санарип дүйнөдөн артта калуу тобокелдигин жаратат. Буга жол бере албайбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий