• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мындан аркы артыкчылыктуу багыттарды белгиледи

Президент 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Дастан Догоевди Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы салымын канааттануу менен баса белгиледи жана анын алган билими келечекте республиканы өнүктүрүүгө иш жүзүндө колдонууда пайдалуу болооруна үмүт артты.

Дастан Догоевге Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси катары өлкөнү санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, ошондой эле санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана башка артыкчылыктуу багыттарды аткарууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Мындан сырткары, ал мамлекет башчысынын демилгеси менен түзүлүп жаткан улуттук, регионалдык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирген Санарип лидерлердин клубун жетектейт жана санариптештирүүнү мындан ары дагы алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенет.

Ошондой эле калктын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, аталган чөйрөгө инвестиция тартуу жана санарип өнүгүүгө Технологиялык трансфер борборун түзүү маселелери мамлекет башчысынын көзөмөлүндө болот.

Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы башталган ишти жана командалык жумуштарды улантуу зарылдыгын баса белгиледи, ага байланыштуу МТБМКнын жаңы дайындалган төрагасына көмөк көрсөтүүнүн маанисине көңүл бурду.

Мамлекет башчысы санариптештирүү алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу мурдагыдай эле темпте уланышы керектигин айтып, калк, бизнес жана мамлекет ортосундагы өз ара аракеттешүү процесстерин автоматташтыруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Алтынбек Исмаиловдун жаңы кызматындагы ишине ийгиликтерди каалап, өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясаттын жакынкы жылдарга карата артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.

Дастан Догоев көрсөткөн ишеними жана санарип саясатын ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу болбосо, санарип трансформациясы алдыга жылмак эместигин белгиледи.

МТБМК төрагасы Алтынбек Исмаилов өлкөнү санариптештирүү алкагында учурдагы долбоорлордун ишке ашуусу жана алдыдагы пландар жөнүндө маалымат берди.

«Мамлекет платформа катары», «Санарип аймак» долбоорлору жигердүү ишке ашырылып, аймактарда мектептер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кеңири тилкелүү интернетке кошуу боюнча иштер активдүү түрдө улантылып жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык санарип кызматтар активдүү киргизилип, калктын, бизнестин жана мамлекеттин санарип көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Алтынбек Исмаилов маанилүү багыттардын бири Дата-борборун куруу жана бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боло тургандыгын баса белгиледи.

МТБМК төрагасы өлкөнү санарип трансформациялоонун алкагындагы бардык долбоорлорду ишке ашыруу мурда белгиленген мөөнөттө аягына чыгарылаарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий