• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Өмүрбек Текебаев менен болгон жагдайга пикирин айтты

Коом 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу жагдайга пикирин айтты.

Журналисттер менен бейформал жолугушууда ал бул маселе боюнча бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин белгиледи.

“Биз бардыгыбыз мыйзамды сакташыбыз керек. Сот кандай өкүм чыгарса, ошол аткарылышы керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан 8 жылга кесилишти. Соттолгондордун адвокаттары соттун чечимине жогорку соттук инстанцияда даттанууга ниеттенишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий