• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков маалыматтарды коргоонун коопсуздугу тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясынын жүрүшүндө маалыматтарды коргоонун коопсуздугу тууралуу айтып берди.

Президенттин маалыматына караганда, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо — мамлекеттик сырды коргоодон башталат.

«Жарандарыбыздын кызыкчылыктары — кол тийгис. Адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок. Ошондуктан санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун жетиштүү деӊгээли камсыз болуш керек», - деп баса белгиледи президент.

Өлкө башчысы билдиргендей, киберкоопсуздук боюнча өкмөт стратегия кабыл алды.

«Эми бул багыттагы эӊ жаӊы технологияларды киргизүүгө муктажбыз», - деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий