• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков Мады айыл өкмөтүнүн мисалында ЖӨБ органдарын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мады айыл өкмөтүнүн ишмердигине «Санарип аймак» санарип платформасы жана адам ресурстарын башкаруу боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган маалымат системасы киргизилгени айтылды.

Ошондой эле документ жүгүртүүнүн электрондук системасы киргизилип, айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча процесс автоматташтырылган.

Жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр «Бирдиктүү терезе» форматында иштеп жатат.

Мындан сырткары, «Санарип аймак» платформасынын алкагында айыл өкмөтүндөгү 6760 үй чарбасы жөнүндө маалыматтар санариптештирилүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликтин өз ишмердүүлүктөрүн санариптештирүү боюнча аракеттерин канааттануу менен белгиледи. Жер-жерлердеги санарип трансформация иштеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ролу чоң экенин, алардын жеке жоопкерчилигинен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ыкчамдыгы менен сапаты көз каранды болоорун баса белгиледи.

«Коррупцияга каршы күрөштө башкы инструмент санариптештирүү болуп саналат. Бул үчүн бизде саясий эрк бар. Санариптештирүү ишинде жакшы натыйжаларга жетишилди, анын ичинде, „Түндүк“ ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасы да бар. Эгерде облустар менен райондордун жетекчилери бул багытта тиешелүү чараларды көрбөсө, анда биз ийгиликтерге жете албайбыз», — деп белгиледи Президент.

Бул күч-аракеттердин негизги милдети мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүдө жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жер-жерлерде башкаруу чечимдерин ыкчам жана натыйжалуу кабыл алуу болуп саналарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу бардык аймактарда улантыларына ишендирди.

Белгилүү болгондой, 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Санарип трансформация боюнча мамлекеттик саясат Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасынын негизги багыттары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштерди автоматташтыруу аркылуу айыл аймактарынын иштеринин натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. 2020-жылдын аягына чейин 453 айыл өкмөтүнө бул системаны киргизүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий