• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу — ЕАЭБ экономикасынын ийгилигинин негизи

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. «Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо жана бизнеске бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу — ЕАЭБ экономикасынын ийгилигинин негизи», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бирдиктүү экономикалык биримдикте айкалышкан өнүгүү жана экономикалардын жакындашуусу чоң мааниге ээ болушу керек.

Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларын жана бизнесин колдоонун биргелешкен чараларын кабыл алуу боюнча ишти посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков учурдагы оңой эмес мезгилде Биримдиктин башка өлкөлөрдөгү жарандарына колдоо көрсөтүүнүн маанисине да токтолду.

«Бүгүнкү кырдаалда жарандардын мекенине кайтып келүүсү үчүн жагымдуу транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү маанилүү», — деп өзгөчө белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видео-конференция режиминде болуп өттү.

ЖЕЭКтин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри саналат.

ЖЕЭКтин жыйынына байкоочу өлкөнүн башчысы катары ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Пикир

Оставить комментарий