• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Макронго Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франциянын президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты.

"Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт кырсыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий