• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Мамипотекалык компанияга сырттан инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды.

Ипотекалык насыялоо системасын, анын ичинде «Арзан турак жай 2015-2020» Программасынын алкагында ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков кошумча ресурстарды табуу жана сырттан инвестицияларды тартуунун, ошондой эле кошумча каражаттардын эсебинен бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана сатуу боюнча ишти активдештирүү, компания капиталдаштыруунун деңгээлин 600 млн сомго чейин жеткирүү, эконом-класстагы көп кабаттуу турак-жайды куруу программасын ишке ашыруу боюнча негизги иш-чараларды аныктоо зарылдыгын белгиледи.

«Арзан турак жай 2015-2020» социалдык программа болуп саналат. Насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, 2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банктар аркылуу 4,6 млрд сомдон ашык 4080 насыя берилди. Натыйжада 16 миңге жакын жарандар турак-жай менен камсыз болушту. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9% чейин кыскартылган, 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, Немец өнүктүрүү банкы жана Финансы министри менен 20 млн еврого келишимдер түзүлүп, алар Кыргызстандагы ипотекалык насыялоону колдоого багытталат.

МИК төрагасы билдиргендей, Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр каржылоо долбоорун иликтөө жана даярдоо баскычында жүрүп жатат. Жакын арада банктын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, компанияны баалашат жана анын натыйжасында 30 млн еврого келишимдерге кол коюуга даярдыктар башталат. Ошол эле маалда башка дагы эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бактыбек Шамкеев мындан тышкары ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана турак жай-аманат кредиттердин системасын киргизүү тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий