• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Мамлекет кызматкерлердин социалдык, турмуш көйгөйлөрүн чечүү ишин улантат

Президент 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. «Мамлекет кызматкерлердин социалдык, турмуш көйгөйлөрүн чечүү, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жаңылоо иштерин улантат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган жаңы үйлөрдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы УКМК жана ӨКМ кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктап, өлкөдө тынчтыкты жана бейпилдикти коргогон жана жарандардын өмүрүн сактоо үчүн өз жанын аябаган адамдарга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып жатканына кубанганын билдирди.

«Сиздер бул ырыс-кешикке Мекенге таза кызмат кылуу менен, өлкөнүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн сактоого арналган кесибиңиздерге берилгениңиздер үчүн жетишип олтурасыздар», — деп белгиледи Президент.

УКМК кызматкерлерине кайрылып, Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, баңгизат трафигине, диний экстремизмге, улутчулдукка жана регионализмге каршы күрөшүү алардын эң башкы милдети экенин эске салды жана бул багыттарда ишти күчөтүү зарыл экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле коомчулук УКМК кызматкерлеринен коррупциянын түпкү себептерин жана фактыларын аныктап, аларды тергөө иштерин мыйзамдын алкагында ыкчам жана жогорку кесипкөйлүк менен жүргүзүүнү күтөөрүн, элдин ырыскысына суук колун салып, мыйзамды бузган ар бир адам тиешелүү жазасын алышы керек экенин кошумчалады.

ӨКМ кызматкерлерине кайрылып, Мамлекет башчысы ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери менен күрөшүүү менен гана чектелбей, алдын ала чараларды көрүү, калкты коргонуу чаралары боюнча маалымдар кылуу, кырсыкты ыкчам жоюу ишин күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.

«Куткаруучу« деген кесипти ыйык тутуп, жарандык, кесиптик парзын ар-намыстуулук менен аткарышыңар керек. Мекендештериңердин өмүрү силердин колуңарда. Мен силердин ар бириңердин жарандык, кесиптик парзын ар-намыстуулук жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарып жаткан өз өлкөңөрдүн мекенчил азаматтары экенине ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков, ӨКМ кызматкерлерине кайрылып.

Ар бир үйдүн жашоочулары Президенттин колунан 200 миң сомдук тастыктамаларды алышты. Жаңы үйлөргө бүгүн УКМКнын жана ӨКМдин 24 кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү көчүп киришти.

Пикир

Оставить комментарий