• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Мамлекет өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө жол бербейт

Президент 0

Бишкек. 21.11.19. /Кабар/. «Мамлекет өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө жол бербейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алгандыгын, учурда көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгондугун айтып, мамлекеттин ролун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Диний себептер менен бөлүнүп — жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат. Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий