• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Мамлекеттик кызматта санарип технологиялары терең колдонулбай келген

Президент 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колдонулбай келген. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты.

“Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керек”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Анын айтуусунда, өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, турмушка тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат.

“Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз. Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү биздин региондогу алдыңкы орунга алып чыгууну максат кылдык. Бирок, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл”, - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий