• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Мамкызматты электрондук форматка өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликтин активдүүлүгү талап кылынат

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. «Мамлекеттик кызматты электрондук форматка өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликтин активдүүлүгү талап кылынат», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда Ысык-Көл областынын Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

«Электрондук система мамлекеттик бийликке кадыр-барк алып келет. Ооруканада, мектепте, мекемеде, пенсияны берүүгө чейин автоматташтырылат. Ал үчүн жергиликтүү бийлик даяр болгула. Мурункудай бир справка алыш үчүн кезекке туруп, эшик каккылаган токтойт. „Санарип аймак“ платформасын дагы ишке киргизебиз. Мамлекеттик органдар „барам, жасайм“ деп коесуңар, бир айга чейин жүрө бересиңер, силерден уруксат алыш кыйын. Ишкана курам дегендерге жардам бергендин ордуна бюрократия кылып, тоскоолдук жаратасыңар. Ушунун баарын токтоткула», — деп Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий