• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөйт

Президент 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. «Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөйт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала беришин белгиледи.

«Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Антпесе коррупцияны жеңүү татаал болот. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бул ишти сөзсүз аягына чыгараарын белгиледи. “Азыр мына процесс кетти - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет, антпесе коррупцияны жеңе албайбыз”, - деп белгиледи Президент.

Ал Кытайдын тарыхындагы бир окуяны мисалга келтирди. Анда кытайлык эл башкарган адам өлкөдө кеңири тараган уурулукту кантип жоюунун айласын таппай, даанышман Конфуцийден акыл сураса, ал: “Сен өзүңдөн баштап, напсиңди тыйсаң, башкалар да уурдаганды коёт” деген экен.

“Ушул жерде бүт область жетекчилери, райондун мекеме-уюмдарынын жетекчилери, айыл өкмөттөрү отурасыздар, коррупция менен күрөшүү үчүн Президент эмне кылат деп карап отурбастан, мына мен өзүмөн баштайын, үч бийлик бутагынын жетекчилери өзүнөн баштасын, бардык жетекчилер - чоң жетекчисинби, кичине жетекчисинби - напсини тыйып, өзүбүздөн баштасак, коррупция өзү эле токтойт. Мен ошондой эле кыргызстандыктарга кайрылам – Президент жалгыз коррупция менен күрөшө албайт, аны менен күрөшүү жалпы улуттук болушу керек, биргеликте гана аны жеңе алабыз», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал жакын арада граждандык коом менен жолугушуусу күтүлүп жатканын жана алар менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелери жана негизги багыттары талкуулана турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий