• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

− 1-пунктунда:

экинчи, жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

үчүнчү-алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

»−"Ак Шумкар» өзгөчө белгисинин сүрөттөлүшү (тиркелет);

— «Манас», «Баатыр эне» ордендеринин сүрөттөлүштөрү (тиркелет);

— «Эрдик», «Даңк», «Эне даңкы» медалдарынын сүрөттөлүштөрү (тиркелет);

— Кыргыз Республикасынын ардак наамына төш белгинин сыпаттамасы (тиркелет)»;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— «Манас», «Баатыр эне» ордендеринин статуттары күчүн жоготту деп табылсын;

— «Эрдик», «Даңк», «Эне даңкы» медалдары жөнүндө жоболор күчүн жоготту деп табылсын;

— Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

— Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын.

  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Указынын 2-пункту;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин1999-жылдын 24-ноябрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени жөнүндө» Указынын 1-пункту;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-июлундагы № 235 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» Указына толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 169 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 3-октябрындагы № 203 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыгы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий