• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул зор милдет

Президент 0

Бишкек, 23.06.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул зор милдет, чоң жоопкерчилик, калкыбызга ак ниет кызмат кылуу, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө. Эл-жерибиздин жаркын келечеги деген асыл мүдөө менен жашап, өлкө алдында турган жаңы максаттарга жетүү үчүн ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы жан-дили менен эмгектениши зарыл. Эл алдындагы милдеттерди аткаруу Сиздерден жогорку кесипкөйлүктү, кристаллдай тазалыкты, мыйзамды бекем сактоону талап кылат.

Региондордун жана бүт өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган улуттук долбоорлордун жана программалардын ишке ашырылышы жана адамдардын турмуш деңгээлинин жакшырышы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын ишинин сапатына жараша болот. Өлкөнүн тагдыры үчүн Сиздерге артылган жоопкерчилик өтө зор. Элибиздин ишенимин актап, ага ак кызмат кылуу — ар бириңиздердин өмүрүңүздөрдүн маӊызы болушу керек!

Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Өлкөбүз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин! Кыргызстаныбызды Жараткан колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий