• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: «Манас» — кыргыз элинин улуттук байлыгы

Президент 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Манас күнүнө карата кыргызстандытарга куттуктоо жолдоду, - деп билдирет президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башычысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

»Манас« — кыргыз элинин улуттук байлыгы. Элдик оозеки чыгармачылыктын теңдешсиз эстелиги. Дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Асыл ойдун алтын казынасы.

Эпос кыргыздардын тарыхын, каада-салтын, руханий байлыгын жана дүйнө таанымын чагылдырат. Тынчтыкты, ынтымакты туу тутуп, биримдикте өнүгүү идеясын, мекенчилдик, жаратмандык жана адилеттүүлүк касиеттерин даңазалайт.

Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпосубуз Кыргызстан элинин гана эмес, жалпы адамзаттын руханий жана тарыхый-маданий дөөлөтү болуп калды.

Элибиз кылымдар бою Айкөл Манастын улуу рухун муундан муунга таберик кылып сактап келет. Элибиздин ыйык мурасын аздектеп, кийинки урпактарга жеткирүүдө манасчылар опол тоодой эмгек өтөөдө. Алардын кайталангыс өнөрү, Жараткан тартуулаган таланты тарыхыбызды бүгүнкү турмушубуз менен бириктирген көпүрө болду.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү татаал дүйнөдө, ар кандай тобокелдер жаралып жаткан заманда, ата-бабаларыбыздын нарктуу жолуна кайрылганыбыз өтө маанилүү.

Учурда эгемендүү мамлекетибиз алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашырууда „Манас“ бизге көөнөрбөс казына болуп кала берет.

Айкөл Манас атабыз көп улуттуу Кыргызстан элинин ынтымагынын жана биримдигинин символу катары түбөлүккө даңктала берсин!

Жараткан Манас бабабыздын мекени — Кыргызстаныбызды ар дайым колдоп жүрсүн!»

Пикир

Оставить комментарий