• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Манасчылар тарыхыбызды жана бүгүнкү учурубузду бириктирген көпүрө

Президент 0

Бишкек, 04.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү белгиленүүдө. Ушул улуттук майрамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы салтанаттуу жыйында Президенттик Аппарат Жетекчисинин орун басары рангындагы, этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева окуп берди.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти келтирилген:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы – бул “Манас” эпосу.

Дүйнө калкынын катарындагы түптүү журт бойдон сакталып калышыбыз – кыргыз баласы “Манасты” жүрөгүндө сактап, ошол тарыхты аздектеп жашап келгени менен түздөн-түз байланыштуу.

“Манас” – байыркы элибиздин жашоо турмушунун, каада-салтынын, тарыхынын энциклопедиясы жана дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы.

Нечен кылымдардын катаал элегинен өткөн элибиздин ыйык мурасын сактап, урпактарга жеткирүүдө манасчылар опол тоодой эмгек өтөгөн. Манасчыларыбыз кайталангыс өнөрү, Жараткан берген таланты менен тарыхыбызды жана бүгүнкү учурубузду бириктирген көпүрө болуп келишет.

Быйыл залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы ар кандай маанилүү иш-чаралардын коштоосунда ийгиликтүү өттү. Келерки жылы Кумар уулу Балыктын, Багыш уулу Сазандын, Ырысменде уулу Шапактын жана Өмүр уулу Чоюке манасчылардын юбилейлик мааракелери чоң салтанат менен белгиленет.

“Манас” өңдүү маданий мурасыбызды окуп үйрөнүүгө, сактоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири. “Манас” эпосун эл арасына кеңири жайылтуу иштери белгилүү манасчылардын юбилейлерин белгилөө менен гана чектелбестен, ар дайым чыгармачылык менен улантыла бериши зарыл.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли кылымдар бою жашап, өз тарыхына туш болгон кыйын кезеңдерди рухтун күчү менен жеңип келген. Азыр да улуттун духу ойгонуп, бабалардын жолун улап, намыстын күчү менен кыргыз көчүн алдыга сүрөй турган мезгил келди.

Алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашырууда “Манас” эпосу бизге көөнөрбөс казына болуп кала берет.

Айкөл Манас атабыз көп улуттуу кыргыз элинин достугунун жана биримдигинин символу болуп жүрсүн.

Жараткан Кыргызстаныбызды ар дайым колдосун!

Пикир

Оставить комментарий