• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Марттагы элдик революциянын сабактары бизди бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп эскертип турат

Президент 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын кайрылуусунун текстинде төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.

Ушул күнү Кыргызстан эли адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-булөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөн. Кылымдарды карыткан кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тутаарын дагы бир ирет далилдеген.

Тилекке каршы элибиздин калыс бийликти, адилет башкарууну орнотобуз деген ошондогу үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калды. Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады.

Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны биз эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди.

Ата-бабаларыбыз кыялданган, жаркын келечек үчүн курман болгон мекендештерибиз эңсеген коомду – адилеттүү, адам укугун урматтаган, эркин жана өнүккөн Кыргызстан куруу милдети биздин мойнубузда. Элдин ишенимине ээ болгондо гана бийлик күчтүү болот.

Марттагы элдик революциянын сабактары бизди мына ушул бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип турат.”

Пикир

Оставить комментарий