• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков «Мээрим» теледолбооруна катышкан — ата-энелеринен ажыраган балдар менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Мээрим» теледолбооруна катышкан — ата-энелеринен ажыраган балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты.

Президент жолугушуунун катышуучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Балдар Президенттин бала кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти.

Мамлекет башчысынын балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын тагдыры боюнча пикирине кызыгышты.

Ошондой эле алар Президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган милдеттерине кызыгып, суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жумушу жана ошондой эле жакындары жөнүндө айтып берди.

Президент балдарды коргоо жана колдоо, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка токтолду.

Балдарга заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүнү каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары Президенттин колунан белек катары ноутбуктарды алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Сооронбай Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

Жолугушуунун катышуучулары Мамлекет башчысы менен биргеликте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдешти.

Президент балдарга мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана расмий жолугушуулар өтчү жерлер тууралуу айтып берди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында «Мээрим» теледолбоорунун авторунан Мамлекет башчысына теледолбоордун катышуучулары менен жолугушуусу боюнча сунуш түшкөн. Белгиленгендей, КТРКнын «Мээрим» теледолбоору ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөтүп, аларга жардам берүүгө даяр адамдарды издөө жолу менен жардам берип келет.

Бүгүнкү жолугушууга буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууну каалаган долбоордун катышуучулары чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий