• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков “Мекендештер-2018” форумунда сөз сүйлөдү

Президент 0

Чолпон-Ата, 08.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта IV “Мекендештер-2018” форумунун расмий ачылышында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы чет өлкөлөрдөн келген мекендештер менен саламдашып, жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул жерге 20 өлкөдөн биздин мекендештерибиз чогулду. Баарыбыздын максатыбыз бир. Биз ушинтип чогулуп ага жетүү үчүн кеңешишибиз керек. Бир нече жылдан бери сиздерди “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду чогултуп келет. Ага ушундай маанилүү аянтча жаратканы үчүн чоң рахмат айтам”, - деди президент.

Ал форум өлкөнүн өнүгүшү үчүн идеяларды талкуулоо жана жаңы демилгелерди алып чыгуу үчүн платформага айланганын белгилеп өттү. Президент жаңы технологияларды колдонууга убакыт келгенин, мигранттар баалуу жардам бере ала турганын баса белгилеп өттү.

Маалымат үчүн: “Мекендештер форуму” – чет өлкөдө жашаган мекендештердин, бирикмелердин жана кыргызстандыктардын диаспораларынын конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал 2012-жылдан бери эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун грантынын алкагында Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2 жылда бир өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий