• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин милдетибиз!

Президент 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен берилет:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Урматтуу жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер! Офицерлер жана генералдар!

Урматтуу коноктор!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Улуу Жеңиш күнүн белгилеп жатып, Мекенибизди душмандан коргоп, эӊ ырайымсыз жана күчтүү жоону жеӊген, бүгүнкү тынчтыктын шартында жашоого жеткирген аталарыбыздын эрдигин даӊазалайбыз.

Мекен үчүн өз өмүрүн арнап, согушта курман болгондордун элесине таазим этип, алардын ар биринин ысымдарын эскеребиз.

Арабызда жүргөн ардагерлерибизге чын дилибизден чыккан ыраазылык билдирип, алардын амандыгын тилейбиз.

Жеӊишке жетиш үчүн эмгектеги теӊдешсиз эрдикти жаратып, адамдын мүмкүнчүлүгү чегине жеткен аракеттерди ишке ашырган, фронтко ишенимдүү тыл болуп, жоокерлерге дем берип турган ооруктун ардагерлерине рахмат айтабыз.

Биз фашизмди жеңип, дүйнөлүк адамзатты нацизмден куткарган улуу муундун өкүлдөрү менен сыймыктанабыз.

Урматтуу мекендештер!

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын тарыхындагы эӊ масштабдуу, эң катаал, эң ырайымсыз, мыкаачылыктын согушу болду. Согушка жер жүзүнүн 80 пайыз калкы тартылган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊишке жетиш үчүн 27 млн. совет жарандары курман болгон. Советтер Союзундагы дээрлик ар бир үй-бүлө бул согушта жакындарынан айрылды.

Согуштагы негизги соккуну өзүнө алып, совет эли дүйнөнү фашисттик агрессиядан, нацизмдин кулчулугунан сактап калды. Адамзаттын совет солдатына болгон үмүтү акталды. Биздин аталарыбыздын эрдигине дүйнө эли баа берип, ыраазылык билдирди.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышкан, 152 миңден ашуун адам каза болгон.

Алардын эрдиги жогору бааланып, 73 кыргызстандыкка Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган, ал эми 21 Кыргызстандын өкүлү “Даңк” орденинин толук кавалери болгон. Жалпысынан 150 миӊ кыргызстандыктар ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Кыргызстандык жоокерлер биз бүгүн белгилеп жаткан Жеӊиш күнүнө жетүүгө зор салым кошкон.

Урматтуу мекендештер!

Жеңиш күнү – Ыйык Күн. Жеңишти алып келген каарман аталарыбыздын саны жыл сайын суюлуп барат. Азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калды. Аларга сый-урмат көрсөтүп, камкордукка бөлөп, баалап-барктап алуу – биздин ыйык парзыбыз.

Урматтуу ардагерлер, эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүккө жашайт. Эч ким, эч качан унутулбайт! Бар болуңуздар!

Урматтуу мекендештер!

Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аӊыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кетти. Алардын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз болуп калат. Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы болот. Аталардын даӊктуу жолун улантуу – Мекенди көздүн карегиндей коргоо – биздин бүгүнкү милдетибиз.

Бүгүнкү Жеӊиш күнү сергек ой-жүгүрткөн ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат.

Тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!"

Пикир

Оставить комментарий